«Бөбөктөр жумалыгы»
26-майдан 1- июнга чейин бобөктөр жумалыгы өткөрулдү.
26-майда » Жомоктор дүйнөсүндө» жомок аткаруу боюнча конкурс болду.
27-майда » Шамдагайлар таймашы» деген темада спорттук мелдештер 2-3-класстар арасында болду.
30- майда «Бактылуу балалык» сүрөт конкурсу өткөрүлдү.
2022- жылы 1-июнь балдарды коргоо кунүнө карата майрамдык салтанаттуу линейка өткөрүлдү. Окуучулар, жер-суу жөнүндөгү ырлардан ырдашып, ар улуттун бийлеринен бийлешти.
Асфальтка кыргыз жеринин жаратылышынын кооздугун чагылдырышып, ар кандай сурөттөрдү тартышты. Майрамдын аягында окуучулардын көркөм окууларына жана конкурстарга активдүү катышкандарга баа берилип, грамоталар, сыйлыктар тапшырылды.
Ошондой эле айыл депутаттары тарабынан окуучуларга балмуздак таратылды. Окуучулар бүгүнкү майрамга ыраазы болушуп, үйлөрунө көңулдүү кайтышты.
Комментарии