Оку, ойлон, тап, эсепте!
Бүгүн 28-апрель Шаршемби!
Башталгыч класстардын жумалыгы жүрүүдө. 4 — класс математика сабагы.
Тема: Оку, ойлон, тап, эсепте!
«Математика- акылдын гимнастикасы».
«Математика- илимдин падышасы» -деп биздин улуу ойчул адамдарыбыз айткандай, бардык илим математикага негизделип түзүлүп, биздин бейкут, тынчтык заманга кызмат кылып келе жатат. Мектепте окулуучу математика сабагы эң негизги сабактардан болот» деген жакшы ой — максаты менен бүгүнкү ачык сабагын 4 -класстын кл. жетекчиси Урманбетова Назгүл Зарылбековна баштады.
Бүгүнкү сабак мелдеш түрүндө башталып окуучулар 4 командага бөлүнүштү.
1 — Билгичтер
2 — Тапкычтар
3 — Шамдагайлар
4 — Акылдуулар деген аттар коюлду.
Бүгүнкү сабакта окуучулардын көп орундуу сандарды көбөйтүү жана бөлүү боюнча алган билимдерин бышыкташып, туура тез эсептөө менен активдүүлүгү өнүгүп , так эсептөө көндүмү калыптанат. Аң сезими, ой жүгүртүүсү өсөт.
Сабакта ар бир топ бири — бири менен жарышып, берилген суроолорго кызыгуу менен жооп берип жатышты. Сабак аябай кызыктуу болуп, өз максатына жетти.
Комментарии