2024-жылдын 25-октябрында Тилекмат атындагы жалпы билим берүү орто мектебине иш сапары менен «Мерсико» уюмунун өкүлдөрү келишкен.
Алар:
* “Мерсико” уюмунун каржы иштери боюнча директору Чад С. (Вашингтон),
* “Мерсико” уюмдун Кыргызстандагы филиалынын директору Бурьян Е.Б.(Бишкек),
* Өзбекстандагы Каракалпакстан Республикасы боюнча кайрымдуулук программасынын жетекчиси Хамидов К.(Өзбекстан),
* Mercy Corps билим берүү боюнча улук адиси Бегибаева Н.(Ташкент),
* Ташкенттеги Mercy Corps филиалынын директорунун орун басары Назиров А.,
* Өзбекстандагы «Мерсико» уюмунун филиалынын тамактануу боюнча жетектөөчү адиси Джаббарова З.
Жолугушууда биргелешип алгылыктуу жүргүзүлгөн иштер тууралуу баарлашуу болуп, келген коноктор проектилердин жемиштүү болгондугуна күбө болушту. Тагыраак айтканда мектептин багындагы 168 түп алма бакчага тамчылатып сугаруу системасы орнотулган, “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасы ийгиликтүү ишке ашып, мектептин ашканасы толук оңдоп-түзөөдөн өткөн, ошондой эле мектепте экологиялык таза мөмө — жемиш алуу үчүн мини күнөскана курулган. Мындан тышкары «Мерсико» уюму тарабынан башталгыч класстын окуучуларына китептер берилген. Келген коноктор башталгыч класстардын мугалимдери тарабынан уюштурулган көргөзмөлүү ачык сабактарга күбө болушуп, мектептин жааматына жана ишине ийгилик каалап, жылуу пикирлерди, каалоо-тилектерди айтышты.
Комментарии