Мектеп жөнүндө

  • Мектептин тарыхы

Ак-Суу өрөөнүнүн эң чоң байы Өзбеков Абдылда болгон. 1917-жылы Совет бийлиги орногондон кийин, байдын мүлкү алынат. Анын «көк үйү» мектепке колдонууга берилет. Ал үй жалан арчадан жасалып, чатыры темир тунике менен жабылып, эшик-терезеси көк сыр менен сырдалгандыктан, аны «көк үй» деп аташкан.

1964-жылы Чоң-Арык айылында Чичерин атындагы орто мектеп ачылып, ага Тилекмат Базаркулов директор болуп дайындалат. Дал ушул Тилекмат Базаркуловдун демилгеси менен жаны мектептин курулушу башталган. 1974 жылы 536 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу аяктайт. Т.Базаркулов өмүрүнүн аягына чейин мектепке жетекчилик кылды.

1992-жылы 27 жыл мектептин директору болуп, өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого арнаган Тилекмат Базаркуловдун ысымы ыйгарылды.

Тилекмат атындагы жалпы билим берүү орто мектеби жөнүндө жалпы маалымат.

Тилекмат атындагы орто мектеп кыргыз тилинде окуткан мектеп.

Мектептин дареги: Чүй облусу, Москва району, Чоң-Арык айылы, Медералы көчөсү №22, иш телефону: 03131-7-05-71, мекептин электрондук почта: shko[email protected].

Тилекмат атындагы жалпы билим берүү орто мектеп 1974-жылы мамлекет негизде курулган. 1992-жылы, Тилекмат Базаркуловдун ысымы берилгенге чейин, Чичерин атындагы орто мектеби деп аталып келген. Мектеп акыркы аккредитацияны 2018-жылдын апрель айында өтүп, КРнын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан сертификат берилген.

Мектеп  мамлекеттик кайра жактоочу «юридикалык жак» катары 30.09.2009 өтүп, күбөлүк алган.

Мектеп билим берүүнүн жалпы башталгыч , жалпы орто  жана  жалпы негизги программаларын ишке ашырат.

Мектептин ченемдик жана уюштуруу документтери бар:

  • устав;
  • күбөлүк;
  • окуу планы;
  • штаттык жүгүртмө.

Аккредитация комиссиясынын текшерүү процессинде төмөнкү  аспекттери изилденген:

  • мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруу буйругу;
  • Мектептин ички документациясы: окуу планы, билим берүү программалары, класстык журналдар.
  • билим тилимдерге баштоонун натыйжаларын жана администрациялык текшерүү иштерин, билим берүүнүн сапатын мектептеги контролдоо тутуму;
  • кадрлар: педогогикалык жана жетекчилик кадрлардын чеберчилик деңгээлин;
  • тарбиялоо иштеринин тутуму;
  • материалдык жана техникалык базанын абалын.

Аккредитациялык комиссиянын текшерүү иштери менен биргеликте комиссия сабактарга жана башка иш чараларга катышып, текшерүү иштер, билим сыноолору жүргүзүлдү. Бул текшерүүлөр мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, бардык класстардагы билим берүү жана тарбия процессинин натыйжалуулугун көргөздү.

Табигый жана математикалык багытта иштөө тажрыйбадан улам, мектеп тарабынан «Билимдин жеткиликтүүлүгүнүн натыйжасында, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу» маселеси боюнча презентация дайындалып, көргөзүлдү.

Тилекмат атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин кадрлары.

Башкаруу системасы.

Мектептин администрациясы: мектеп директору жана КРдин мыкты окуучусу, Сатиев Эркинбек Соодалиевич, окуу бөлүм башчылыгынын директордун орун басары- Мураталиева Бурулбубу Эсенжановна жана тарбия иштеринин уюштуруучусу-Мендегулова Гулсайра Бурганаковна курамында 17 мугалимден турган педогогдук коллективди башкарат. Мугалимдердин 16ы (94%) жогорку билим алган.

Педогогдордун сапаттык курамы

Билими:

Мугалимдердин билим деңгээли2015-20162016-20172017-20182018-20192019-2020
Мугалимдердин саныМугалимдердин саныМугалимдердин саныМугалимдердин саныМугалимдердин саны
1Бардык мугалимдер1818181818
2Жогорку билим1717171818
3Орто- специалдык
4Орто111

Акыркы 5 жыл ичинде мектепке 4 мугалим алынып, 4 мугалим кетирилген: 1 мугалим өз каалоосу менен, калган 3 пенсияга чыгуусу менен.

Педагогдук тажрыйба:

Педагогдук тажрыйба2020-2021 окуу жылыПайыздык курам
3 жылга чейин212 %
5-10 жыл212 %
11-15 жыл16%
15-25 жыл16%
25 жылдан өйдө1164%
Мектепте мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга көп көңүл бурулат. Негизги формасы- квалификацияны жогорулатуу курстары, акыркы 5 жылда 16 мугалим билим алышты, бул окутуучулардын 89% түзөт.
Кызмат/сабакПедогогикалык кадрлардын кызмат/сабак боюнча саны КАО курстары
Саны%
Директор1100
Директордун ОББнын орун басары1
Директордун ТИнин орун басары1
Орус тили жана адабияты22100
Кыргыз тили жана адабияты22100
Англис тили1100
Математика11100
Физика11100
География11100
Биология11100
Информатика жана ИКТ
Тарых, коомдук илимдер11100
Химия11100
Музыка
ЖКН
Дене тарбия11100
ИЗО, чийүү11100
Социалдык мугалим1
Башталгыч класстар42100
Этика
Кол эмгек
16100

Окуучулардын билим берүү иш-аракеттеринин натыйжаларын, мектептеги документтердин абалын талдоо, окутуучулар жааматы менен усулдук ишти уюштуруу жөнүндө түшүнүк берет.

2015-жылдан 2020-жылгы чейинки мезгилде райондук семинарлар өткөрүлдү: 2015-жылы 14-майда «Мектепте окуучуларга адептик тарбия берүүнү активдештирүүнүн жолдору» темасы боюнча мектеп директорулору үчүн, 2017-жылы 17-майда «Билим берүүдөгү билим сапатына жеткиликтүүлүктүн методикасы» тема баюнча директорлордун окуу бөлүм башчылыктын орун басарлары үчүн.

Тилекмат орто мектебинде иштелип чыккан башкаруу структурасы акыркы натыйжа үчүн билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун жеке жоопкерчилигин күчөөтүгө багытталган.

Акыркы 3 жыл ичинде өнүгүү программасы боюнча мектепте өзгөрүүлөр болду, пландаштырууда, уюштурууда, башкарууда, контрольдо жана иш талдоодо басым өзгөрүлдү. Бул мектепти башкаруунун натыйжалуулугуна өбөлгө болду.

Мектептин негизги максаты- окуучунун руханий, адеп-ахлактык жана физикалык өнүгүүсүнө жана социалдашуусуна ылайык билим берүү жана тарбия чөйрөсун түзүү. Педагогдук коллективдин бардык иш-аракеттери мектептин уставында жана аны өнүктүрүүнүн концепциясында түзүлгөн максаттарды ишке ашырууга багытталган.

Орто мектепте билим берүү 4 баскычтуу билим берүү тутуму боюнча жүргүзүлөт:

  • 0- окутуу баскычы- мектепке даярдануу алдындагы класс;
  • 1-окутуу баскычы- 1-4 чейинки класстар;
  • 2- окутуу баскычы- 5-9 чейинки классатар;
  • 3- окутуу баскычы 9-11 чейинки класстар.

Андан тышкары мектеп предметтик олимпиадаларда, ЖРТде жана Жогорку окуу жайларга тапшыруу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө ээ.

Оккучулардын жетишкендиктери:

Мектептеги ЖРТ тестинин эң жогорку баллынын жыйынтыгынын салыштырмалуу талдоо:

2015-2016 окуу жылы2016-2017 окуу жылы2017-2018 окуу жылы2018-2019 окуу жылы2019-2020 окуу жылы
Баллдар-дын саныОкуучулар-дын саныБаллдардын саныОкуучулардын саныБаллдардын саныОкуучулардын саныБаллдардын саныОкуучулардын саныБаллдардын саныОкуучулардын саны
 110-1302 110-1303110-13010110-1302110-1305
 130-1502 130-1503130-1502130-1502130-1502
 150-1701 150-1701150-1702150-1704150-170
  170-1901 170-190170-190170-1901170-190
 190-210 190-2101190-210190-210190-210
Бардыгы6Бардыгы8Бардыгы19Бардыгы16Бардыгы8

Аймактык предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрдү жана сыйлык ээлеринин саны:

Орун2017-2018 жылдын бардык окуучусу2017-2018  жылдын бардык окуучусу2017-2018  жылдын бардык окуучусу2018-2019  жылдын бардык окуучусу2019-2020  жылдын бардык окуучусу
1-орун211
2-орун21311
3-орун1718
Бардыгы594101

2019-жылы 11-класстын окуучусу, Джумакеева Айдай, орус тили жана адабиятынан 2-орунду ээлеп, Республикалык олимпиаданын катышуучусу болгон. Жыйынтыгында 6-орунду ээлеп, сертификат алган. Олимпиадага орус тили жана адабияты мугалими, Мураталиева Б.Э. даярдаган. Азыркы учурда, Айдай Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 1-курсунун студенти.

ЖОЖдорго өткөн окуучулардын саны

Орун2015-2016

окуучулар

2016-2017

окуучулар

2017-2018   окуучулар2018-2019
окуучулар
2019-2020
окуучулар
Бюджет44493
Контракт66743
Бардыгы101011116
Бардык бүтүрүүчүлөр1915191613

Биздин бүтүрүүчүлөр Россия Федерациясында да окуп жатканын белгилеп кетүү керек. 2018-жылдын бүтүрүүчүлөру, Докторбек улуу Манасбек жана Омурбаев Мирслав, Б.Н.Ельцин атындагы Урал Федерациялык университетинин студенттери.

2019-жылдын 18-ноябрь айынан тарта мектепте менталдыык арифметикадан сабактар өтүп жатты. 2 айдан соң, 60 окуучусу 1 деңгээлдеги сертификаттарды алышкан. 2020-жылдын январь айында, 5 окуучу Бишкекдеги, менталдык арифметика боюнча «Урания Мега Майн» олимпиадасына катышып, грамота алышты. Ошондой эле, арифметикадан сабак берген Кошоева Н.К. дагы грамота менен сыйланды.

Мектептин материалдык-техникалык базасы

Мектептин имараты типтүү, 1974-жылы пайдаланууга берилген. Имараттын техникалык абалы канаттандырарлык. 15 класс, 2 лаборатория, 1 спорт залы жана 1 актовый зал, 1 информатика кабинети жабдылган. Мектепте 40 орундуу ашкана, кооросунда стадион жана спорт аянтчасы бар. Негизги сабактарды эффекттүү окутууну камсыз кылуу максатында мектепте заманбап окуу куралдары бар: проектор- 1, телевизор- 2, компьютерлер -9, ксерекс аппараты- 2. Бардык класстар мектептик эмеректер, доска, китеп шкафтары, менен жабдылган. Ошондой эле, мектепке интернет тартылган.

Мектептин жакшы иштешине мүмкүнчүлүк берген коомдук тартиптин камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында, аймакта күзөтчүлөр менен катар видео байкоо тутуму орнотулган.

Мектептин имаратынын жанындагы аймак көрктөндүрүлгөн, короонун ичинде гүлзарлар бар, аймак тосулган.