Джумакеева Айдай Уланбековна

Орус тили жана  адабияты  боюнча  олимпиадага  9- класстан  баштап  катышып, байгелүү орундарды багынтып келген.

Айдай 11- класста  райондук олимпиадада 2- орунга  ээ болуп, облустук олимпиадага  катышууга  укук алган.  Облустук  олимпиадада  да 2- орунду,  Республикалык  олимпиадада 6- орунду  ээлеп , сертификат менен сыйланган!  Окуучунун  ийгилиги  үчүн  орус  тили жана адабияты  мугалими  Мураталиева Бурулбүбүгө  райондук  Б.Б.Б. алкыш жарыяланган.

Учурда, Кыргыз — Түрк «Манас» университетинин, «Философия» факультетинин 3-курсунун студенти.