БЕРЕКЕЛҮҮ АЛТЫН КҮЗ
Тилекмат атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде түшүм майрамына карата таасирдүү иш-чаралар өтүүдө. 1-2-класстардын окуучулары “Алтын күз” темасында, 3-4-класстардын окуучулары “Күз берекеси” темасында таймашты. 1-2-класстар жашылча жемиштерден түзүлгөн композицияларды жасашса, 3-4-класстар өсүмдүктөрдөн түзүлгөн композицияларды даярдашты. Бул конкурстун максаты окуучулардын өздүк көркөм чыгармачылыктарын жана шык-жөндөмдөрүн ойготуу жана көркөм эстетикалык маданий жөндөмдөрүн өстүрүү менен бирге жаратылышты сүйүүгө, эмгекти баалоого тарбиялоо. Ар бир класстын жетекчиси мыкты уюштуруусунун негизинде окуучулар ата-энелери менен биргеликте эмгектерин жогорку деңгээлде даярдашты. Жыйынтыгында, эң активдүү катышкан класстарга орундар берилди.
Комментарии