Тилекмат ЖББ орто мектебинде коопсуздук эрежелери боюнча өткөн тренингдин маалыматы.
Тилекмат атындагы ЖББ орто мектебинде 2024-жылдын 24-апрелинде коопсуздук эрежелери боюнча тренинг болуп өттү. Ага Ак-Суу айыл аймагындагы мектептерде жогорку класстардын 50окуучусу катышты.
Тренингдин максаты: Коопсуздук эрежелерин сактоо, жаратылыш кырсыктарына даяр туруу.
Тренингдин башында Москва райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн улук офицери, лейтенант Сыргабеков Эламан жана Москва райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн офицери Асанканова Айгерим жаратылыш кырсыктары жана өрт коопсуздугу боюнча кеңири маалымат беришти. Өрт коопсуздугу боюнча түзүлгөн активист окуучулар өрт, өрттүн кесепеттери, өрттүн алдын алуу жолдору боюнча өздөрүнүн ойлорун ортого салышты.
Өрт өчүргүчтү пайдалануу боюнча видеороликтер көрсөтүлдү. Бул күнкү тренингден окуучулар жаратылыш кырсыктары тууралуу жетиштүү маалымат алышты.
Комментарии