- Мектептин тарыхы
Ак-Суу өрөөнүнүн эң чоң байы Өзбеков Абдылда болгон. 1917-жылы Совет бийлиги орногондон кийин, байдын мүлкү алынат. Анын «көк үйү» мектепке колдонууга берилет. Ал үй жалан арчадан жасалып, чатыры темир тунике менен жабылып, эшик-терезеси көк сыр менен сырдалгандыктан, аны «көк үй» деп аташкан.
1964-жылы Чоң-Арык айылында Чичерин атындагы орто мектеп ачылып, ага Тилекмат Базаркулов директор болуп дайындалат. Дал ушул Тилекмат Базаркуловдун демилгеси менен жаны мектептин курулушу башталган. 1974 жылы 536 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу аяктайт. Т.Базаркулов өмүрүнүн аягына чейин мектепке жетекчилик кылды.
1992-жылы 27 жыл мектептин директору болуп, өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого арнаган Тилекмат Базаркуловдун ысымы ыйгарылды.
Тилекмат атындагы жалпы билим берүү орто мектеби жөнүндө жалпы маалымат.
Тилекмат атындагы орто мектеп кыргыз тилинде окуткан мектеп.
Мектептин дареги: Чүй облусу, Москва району, Чоң-Арык айылы, Медералы көчөсү №22, иш телефону: 03131-7-05-71, мекептин электрондук почта: shko[email protected].
Тилекмат атындагы жалпы билим берүү орто мектеп 1974-жылы мамлекет негизде курулган. 1992-жылы, Тилекмат Базаркуловдун ысымы берилгенге чейин, Чичерин атындагы орто мектеби деп аталып келген. Мектеп акыркы аккредитацияны 2018-жылдын апрель айында өтүп, КРнын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан сертификат берилген.
Мектеп мамлекеттик кайра жактоочу «юридикалык жак» катары 30.09.2009 өтүп, күбөлүк алган.
Мектеп билим берүүнүн жалпы башталгыч , жалпы орто жана жалпы негизги программаларын ишке ашырат.
Мектептин ченемдик жана уюштуруу документтери бар:
- устав;
- күбөлүк;
- окуу планы;
- штаттык жүгүртмө.
Аккредитация комиссиясынын текшерүү процессинде төмөнкү аспекттери изилденген:
- мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруу буйругу;
- Мектептин ички документациясы: окуу планы, билим берүү программалары, класстык журналдар.
- билим тилимдерге баштоонун натыйжаларын жана администрациялык текшерүү иштерин, билим берүүнүн сапатын мектептеги контролдоо тутуму;
- кадрлар: педогогикалык жана жетекчилик кадрлардын чеберчилик деңгээлин;
- тарбиялоо иштеринин тутуму;
- материалдык жана техникалык базанын абалын.
Аккредитациялык комиссиянын текшерүү иштери менен биргеликте комиссия сабактарга жана башка иш чараларга катышып, текшерүү иштер, билим сыноолору жүргүзүлдү. Бул текшерүүлөр мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, бардык класстардагы билим берүү жана тарбия процессинин натыйжалуулугун көргөздү.
Табигый жана математикалык багытта иштөө тажрыйбадан улам, мектеп тарабынан «Билимдин жеткиликтүүлүгүнүн натыйжасында, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу» маселеси боюнча презентация дайындалып, көргөзүлдү.
Тилекмат атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин кадрлары.
Башкаруу системасы.
Мектептин администрациясы: мектеп директору жана КРдин мыкты окуучусу, Сатиев Эркинбек Соодалиевич, окуу бөлүм башчылыгынын директордун орун басары- Мураталиева Бурулбубу Эсенжановна жана тарбия иштеринин уюштуруучусу-Мендегулова Гулсайра Бурганаковна курамында 17 мугалимден турган педогогдук коллективди башкарат. Мугалимдердин 16ы (94%) жогорку билим алган.
Педогогдордун сапаттык курамы
Билими:
№ | Мугалимдердин билим деңгээли | 2015-2016 | 2016-2017 | 2017-2018 | 2018-2019 | 2019-2020 |
Мугалимдердин саны | Мугалимдердин саны | Мугалимдердин саны | Мугалимдердин саны | Мугалимдердин саны | ||
1 | Бардык мугалимдер | 18 | 18 | 18 | 18 | 18 |
2 | Жогорку билим | 17 | 17 | 17 | 18 | 18 |
3 | Орто- специалдык | – | – | – | – | – |
4 | Орто | 1 | 1 | 1 | – | – |
Акыркы 5 жыл ичинде мектепке 4 мугалим алынып, 4 мугалим кетирилген: 1 мугалим өз каалоосу менен, калган 3 пенсияга чыгуусу менен.
Педагогдук тажрыйба:
Педагогдук тажрыйба | 2020-2021 окуу жылы | Пайыздык курам |
3 жылга чейин | 2 | 12 % |
5-10 жыл | 2 | 12 % |
11-15 жыл | 1 | 6% |
15-25 жыл | 1 | 6% |
25 жылдан өйдө | 11 | 64% |
Кызмат/сабак | Педогогикалык кадрлардын кызмат/сабак боюнча саны | КАО курстары | |
Саны | % | ||
Директор | 1 | 100 | |
Директордун ОББнын орун басары | 1 | ||
Директордун ТИнин орун басары | 1 | ||
Орус тили жана адабияты | 2 | 2 | 100 |
Кыргыз тили жана адабияты | 2 | 2 | 100 |
Англис тили | 1 | – | 100 |
Математика | 1 | 1 | 100 |
Физика | 1 | 1 | 100 |
География | 1 | 1 | 100 |
Биология | 1 | 1 | 100 |
Информатика жана ИКТ | – | – | – |
Тарых, коомдук илимдер | 1 | 1 | 100 |
Химия | 1 | 1 | 100 |
Музыка | – | – | |
ЖКН | – | – | |
Дене тарбия | 1 | 1 | 100 |
ИЗО, чийүү | 1 | 1 | 100 |
Социалдык мугалим | 1 | ||
Башталгыч класстар | 4 | 2 | 100 |
Этика | – | ||
Кол эмгек | – | ||
16 | 100 |
Окуучулардын билим берүү иш-аракеттеринин натыйжаларын, мектептеги документтердин абалын талдоо, окутуучулар жааматы менен усулдук ишти уюштуруу жөнүндө түшүнүк берет.
2015-жылдан 2020-жылгы чейинки мезгилде райондук семинарлар өткөрүлдү: 2015-жылы 14-майда «Мектепте окуучуларга адептик тарбия берүүнү активдештирүүнүн жолдору» темасы боюнча мектеп директорулору үчүн, 2017-жылы 17-майда «Билим берүүдөгү билим сапатына жеткиликтүүлүктүн методикасы» тема баюнча директорлордун окуу бөлүм башчылыктын орун басарлары үчүн.
Тилекмат орто мектебинде иштелип чыккан башкаруу структурасы акыркы натыйжа үчүн билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун жеке жоопкерчилигин күчөөтүгө багытталган.
Акыркы 3 жыл ичинде өнүгүү программасы боюнча мектепте өзгөрүүлөр болду, пландаштырууда, уюштурууда, башкарууда, контрольдо жана иш талдоодо басым өзгөрүлдү. Бул мектепти башкаруунун натыйжалуулугуна өбөлгө болду.
Мектептин негизги максаты- окуучунун руханий, адеп-ахлактык жана физикалык өнүгүүсүнө жана социалдашуусуна ылайык билим берүү жана тарбия чөйрөсун түзүү. Педагогдук коллективдин бардык иш-аракеттери мектептин уставында жана аны өнүктүрүүнүн концепциясында түзүлгөн максаттарды ишке ашырууга багытталган.
Орто мектепте билим берүү 4 баскычтуу билим берүү тутуму боюнча жүргүзүлөт:
- 0- окутуу баскычы- мектепке даярдануу алдындагы класс;
- 1-окутуу баскычы- 1-4 чейинки класстар;
- 2- окутуу баскычы- 5-9 чейинки классатар;
- 3- окутуу баскычы 9-11 чейинки класстар.
Андан тышкары мектеп предметтик олимпиадаларда, ЖРТде жана Жогорку окуу жайларга тапшыруу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө ээ.
Оккучулардын жетишкендиктери:
Мектептеги ЖРТ тестинин эң жогорку баллынын жыйынтыгынын салыштырмалуу талдоо:
2015-2016 окуу жылы | 2016-2017 окуу жылы | 2017-2018 окуу жылы | 2018-2019 окуу жылы | 2019-2020 окуу жылы | |||||
Баллдар-дын саны | Окуучулар-дын саны | Баллдардын саны | Окуучулардын саны | Баллдардын саны | Окуучулардын саны | Баллдардын саны | Окуучулардын саны | Баллдардын саны | Окуучулардын саны |
110-130 | 2 | 110-130 | 3 | 110-130 | 10 | 110-130 | 2 | 110-130 | 5 |
130-150 | 2 | 130-150 | 3 | 130-150 | 2 | 130-150 | 2 | 130-150 | 2 |
150-170 | 1 | 150-170 | 1 | 150-170 | 2 | 150-170 | 4 | 150-170 | – |
170-190 | 1 | 170-190 | – | 170-190 | – | 170-190 | 1 | 170-190 | – |
190-210 | – | 190-210 | 1 | 190-210 | – | 190-210 | – | 190-210 | – |
Бардыгы | 6 | Бардыгы | 8 | Бардыгы | 19 | Бардыгы | 16 | Бардыгы | 8 |
Аймактык предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрдү жана сыйлык ээлеринин саны:
Орун | 2017-2018 жылдын бардык окуучусу | 2017-2018 жылдын бардык окуучусу | 2017-2018 жылдын бардык окуучусу | 2018-2019 жылдын бардык окуучусу | 2019-2020 жылдын бардык окуучусу |
1-орун | 2 | 1 | – | 1 | – |
2-орун | 2 | 1 | 3 | 1 | 1 |
3-орун | 1 | 7 | 1 | 8 | – |
Бардыгы | 5 | 9 | 4 | 10 | 1 |
2019-жылы 11-класстын окуучусу, Джумакеева Айдай, орус тили жана адабиятынан 2-орунду ээлеп, Республикалык олимпиаданын катышуучусу болгон. Жыйынтыгында 6-орунду ээлеп, сертификат алган. Олимпиадага орус тили жана адабияты мугалими, Мураталиева Б.Э. даярдаган. Азыркы учурда, Айдай Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 1-курсунун студенти.
ЖОЖдорго өткөн окуучулардын саны
Орун | 2015-2016 окуучулар | 2016-2017 окуучулар | 2017-2018 окуучулар | 2018-2019 окуучулар | 2019-2020 окуучулар |
Бюджет | 4 | 4 | 4 | 9 | 3 |
Контракт | 6 | 6 | 7 | 4 | 3 |
Бардыгы | 10 | 10 | 11 | 11 | 6 |
Бардык бүтүрүүчүлөр | 19 | 15 | 19 | 16 | 13 |
Биздин бүтүрүүчүлөр Россия Федерациясында да окуп жатканын белгилеп кетүү керек. 2018-жылдын бүтүрүүчүлөру, Докторбек улуу Манасбек жана Омурбаев Мирслав, Б.Н.Ельцин атындагы Урал Федерациялык университетинин студенттери.
2019-жылдын 18-ноябрь айынан тарта мектепте менталдыык арифметикадан сабактар өтүп жатты. 2 айдан соң, 60 окуучусу 1 деңгээлдеги сертификаттарды алышкан. 2020-жылдын январь айында, 5 окуучу Бишкекдеги, менталдык арифметика боюнча «Урания Мега Майн» олимпиадасына катышып, грамота алышты. Ошондой эле, арифметикадан сабак берген Кошоева Н.К. дагы грамота менен сыйланды.
Мектептин материалдык-техникалык базасы
Мектептин имараты типтүү, 1974-жылы пайдаланууга берилген. Имараттын техникалык абалы канаттандырарлык. 15 класс, 2 лаборатория, 1 спорт залы жана 1 актовый зал, 1 информатика кабинети жабдылган. Мектепте 40 орундуу ашкана, кооросунда стадион жана спорт аянтчасы бар. Негизги сабактарды эффекттүү окутууну камсыз кылуу максатында мектепте заманбап окуу куралдары бар: проектор- 1, телевизор- 2, компьютерлер -9, ксерекс аппараты- 2. Бардык класстар мектептик эмеректер, доска, китеп шкафтары, менен жабдылган. Ошондой эле, мектепке интернет тартылган.
Мектептин жакшы иштешине мүмкүнчүлүк берген коомдук тартиптин камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында, аймакта күзөтчүлөр менен катар видео байкоо тутуму орнотулган.
Мектептин имаратынын жанындагы аймак көрктөндүрүлгөн, короонун ичинде гүлзарлар бар, аймак тосулган.