Мектептин музейи

Тилекмат атындагы ЖББ берүү орто мектебинде 2000-жылы 10-февралында «Чебер колдор»музейи уюшулган.Музейдин жетекчиси Моңошева Света Жапаровна 1999-жылы 5-январда ушул мектепке сүрөт, эмгек, чийүү сабагы боюнча мугалим болуп ишке орношкон. Музей уюштуруу боюнча идеяны ошол кездеги мектептин директору Токтокадыр Карыпбаевич колдоо көрсөтүп,бош жаткан классты бөлүп берген. Музейдин ачылышын биздин айылдын уз чебери, өзүнүн кол өнөрчүлүгү менен Союзга, чет өлкөлөргө чейин барып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон Попенова Тилен апабыз лентасын кесип ачып берген.
Бул музейде кыргыз элинин колдонуп келген эски буюмдарынан баштап ,окуучулардын эмгек сабагында кол менен жасалган улуттук буюм — тайымдарынын тандалмалары коюлган.
Эски буюмдарды чогултууда окуучулардын кошкон салымдары чоң. Себеби кимдин үйүндө каралбай, колдонулбай калган улуттук буюмдар болсо, музейге алып келүүсүн суранган. Ушундай жол менен көптөгөн кызыктуу буюмдар музейдин көркүн ачып турат.Музедин түптөлүшүнө дагы зор салым кошкон Моңошева Света Жапаровнанын жолдошу Дүйшекеев Деңизбек музейдин ичин талапка ылайык жасалгалап берген. Музейдин ичи боз үйдүн ички көрүнүшүн чагылдырып турат. Музейдеги эң баалуу буюмдар: Өзүбүздүн сайдан табылган жаргылчак, кумара, таштан оюлуп жасалган чыны, таш казыктар, жезден жасалган шам чырак бар. Эликтин, аркардын мүйүздөрү орун алган ушул сыяктуу көптөгөн кызыктуу буюмдар бар. Окуучуларды унутулуп бараткан улуттук буюм — тайымдар, улуттук кийимдер менен таанышыруу максатында кезек — кезеги менен класстарды музейге экскурсия кылып тааныштырып турабыз.