«Чыңгыз Айтматовдун каармандары биздин сахнада»
10- декабрь күнү, залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Жаш таланттар» сынагы болуп өттү. Сынакта 5-11-класстардын окуучулары катышышты.
Ар бир класс Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышты.
Мисалы: 5 — класс «Ак кеме» повестинен үзүндү аткарышты.
6-класс » Саманчынын жолу»
7- класс » Эрте жаздагы турналар»
8 — класс » Ак кеме»
9- класс » Биринчи мугалим»
10- класс » Бетме бет»
11- класс » Кылым карытар бир күн» чыгармалары б/ча үзүндүлөрдү ойноп беришти. Окуучулардын жогорку деңгээлде даярданышканы көрүнүп турду. Жогорудагы аткарган чыгармалар боюнча мыкты аткаруучуну, же болбосо «жаш талантты» да тандап алдык.
Бүгүнкү күн эң мыкты майрамдын бири болду. Агай — эжелер, ата — энелер да абдан ыраазы болуп кайтышты.
Бул сынакты уюштурган кыргыз тили жана адабияты мугалими Орозалиева Саткын Маматкуловна болду.
Комментарии